«Оштогу революциялык күрөш» аттуу тарыхый-даректүү көркөм китептин бет ачары болду (сүрөт)

Билим АКИpress - Ошто 16-май күнү «Оштогу революциялык күрөш» аттуу тарыхый-даректүү көркөм китептин бет ачары болду. Бул тууралуу аталган китептин автору Абдыкайым Кангелдиев билдирди.

Иш-чарага ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору С.Арстанов, революциянын катышуучулары, тарыхчылар, илимпоздор жана студенттер катышты. Анда А.Кангелдиев студенттерге тарыхый-даректүү чыгарманын жазылыш тарыхы, андагы далилдүү материалдар тууралуу кенен баяндап, студенттердин суроолоруна жооп берди. Ал эми мыкты суроо жана сунуш айткан студенттерге А.Кангелдиев өзүнүн кол тамгасы жазылган китеп белек кылды. Ошондой эле көргөзмөгө коюлган сүрөттөр жана баалуу белектер тууралуу баяндап берди.

Жыйынтыгында иш-чара концерттик программа менен коштолду. Концерттик программада китептеги чыгармалардан үзүндүлөр көркөм окулуп, ыр-күүлөр, ыр-бийлер аткарылды.

«Оштогу революциялык күрөш» китебинде 2005-жылдагы Оштогу элдик революциянын, 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциянын жаралышы, каармандардын баатырдыгы, ошол убактагы элдин нараазычылыгы, урунттуу окуялар далилдүү фактылар менен чагылдырылган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up