Баетов айылындагы мектепте 500 китеп чогулду (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде «Бир адамдан бир китеп» долбоору ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул тууралуу аталган мектептин директору Венера Мырзалымбекова билдирди.

Маалым болгондой, 18-май күнү Э.Карасартов атындагы орто мектебинде «Бир адамдан бир китеп» долбоору өткөрүлүп, ага мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышты. Долбоордун жүрүшүндө мектеп директору В.Мырзалымбекова, райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери Жакшылык уулу Ильич, Адилет Абдыбачаев, ата-энелерден Салтанат Туратбекова, Айгүл Бугубаева каалоо-тилектерин айтышты. Андан сырткары, 4-класстын окуучулары китеп жөнүндө чакан сценкаларды аткарышып, ырларды тартуулашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында адабий көркөм чыгармалар, поэмалар, тарыхый чыгармалар, балдарга арналган жомок китептер, энциклопедиялар, «Семетей» эпосунун томдуктары, тандалма чыгармалар жана башка жанрдагы 500 китеп чогулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up