Жумгалда «Акыл ордо» сынагы өтүп, жеңүүчү окуучуларга баалуу сыйлыктар тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районунун Кызарт айылында «Акыл ордо» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу «Кызарт жаштар ынтымагы» коомдук бирикмесинин төрагасы Жылдызбек Калыгулов билдирди.

Анын айтымында, бул сынак 4 жылдан бери уюштурулуп келет. Ал эми быйыл Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында уюштурулган.

Таймашка район боюнча 12ден ашык мектептин алдыңкы окуучулары катышып, билим сынашты.

Сынактын жыйынтыгы:

- 1-орун — 9-класстын окуучусу Тариэл кызы Алия, Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө караштуу Касымбек уулу Мамбеталы атындагы орто мектеби;

- 2-орун — 10-класстын окуучусу Талантбек кызы Лилия, Көк-Ой айыл өкмөтүнө караштуу Турусбек уулу Султан атындагы орто мектеби;

-3-орун — 11-класстын окуучусу Гүлнур Талантбекова, Түгөл-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Сейдалы Медетов атындагы мектеби.

1-орунду алган окуучуга планшет, диплом жана англис тилин (Wed English) 1 ай бекер окууга сертификат берилди. 2-орунду ээлеген окуучуга планшет жана диплом тапшырылды. Ал эми 3-орундун ээси болгон окуучуга Ч.Айтматовдун 10 томдук китеби, диплом жана англис тилин (Wed English) 1 айлык бекер окууга сертификат ыйгарылды.

Башка катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар, баалуу китептер берилди.

Иш-чаранын максаты — жаштарды билим алууга үндөө жана мектеп окуучуларынын ортосунда достук мамилени чыңдоо.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up