КМТУнун студенттери «Түндүк электрдин» иши менен таанышты (сүрөт)

Билим АКИpress - «Түндүк электр» ачык акционердик коомунда 17-майда ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу «Түндүк электрдин» басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган акционердик коомго И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин, Кара-Балта филиалынын 2-3-курстарынын, Инновациялык технология жана экономика колледжинин 1-курсунун студенттери келишти.

Быйылкы жылы ачык эшиктер күнү «Биргеликте жарыкта — Кыргызстан» фестивалынын алкагында өткөрүлдү.

Келечектеги адистерге Кыргызстандын эң чоң бөлүштүрүүчү компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу электр энергияны сатуу боюнча башкармалыгынын башчысы Мухтар Бегалиев айтып берди. Энергетиктердин күнүмдүк эмгектерин, оор милдеттерин чагылдырган видеосюжеттерди студенттер өзгөчө кызыгуу менен көрүштү.

«Энергетика тармагына кырдаалга карабай, элге жарык тартуулаганга даяр болгон сабаттуу адистер керек. Бул маанилүү жана керектүү, ошол эле учурда оор кесипти тандагандар, өмүр бою окушу керек», - деди адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Миргүл Айткеева.

Сапаттуу тейлөө борборунун башчысы Василий Буланкин студенттерди эл аралык «Биргеликте жарыкта» фестивалынын алкагында энергияны үнөмдөө жана энергиянын эффективдүүлүгүн жайылтуу боюнча кыргызстандыктардын иш-чаралары менен тааныштырып, көрүүчүлөргө энергияны үнөмдөө тууралуу презентация көрсөттү.

Техникалык коопсуздук кызматынын жетектөөчү адиси Дамира Жумагулова техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл экендигин жана бул маселеге өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын белгиледи.

«Түндүк электр» ААКтын окуу борборунун менеджер-аналитиги Бактыбек Бейшеев уюштурган экскурсия учурунда студенттер кызыктарган суроолорун берип, жооп алышты. Алар биринчилерден эле аймактардагы энергетика тармагынын өнүгүшү, энергетикадагы экономикалык жагдай, энергетик кесибинин өзгөчөлүгү тууралуу суроолорду узатышты. Экскурсиянын катышуучулары Бишкек шаарынын жана Чүй, Талас облустарынын бөлүштүрүү тармактарын оперативдүү-диспетчердик башкарууну ишке ашырган «Түндүк электр» ААКнын диспетчердик кызматын көрүп, энергосистемасынын түзүлүшү, диспетчерлердин иштери жана энергетика жабдууларын башкаруудагы колдонулуп жаткан алдыңкы технологиялар менен таанышты. Андан соң студенттер окуу борборун, ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматын, химлабораторияны, автоматика кызматын, оңдоо цехин көрүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up