Нарындын Э.Ибраев мектебинде «Энелер мектебинин» иши талкууланды (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинде ата-энелер менен биргеликте былтыркы жылдан бери «Энелер мектеби» курсу боюнча эксперименталдык окуу уюштурулуп келет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, «Энелер мектебинин» алкагында иш-чара өтүп, анда жүргүзүлгөн иштер боюнча маалыматтар берилип, ийгиликтер тууралуу айтылды. Ошондой эле ата-энелер ортосунда «Акыл ордо» таймашы өткөрүлдү. Иш-чара «Бейиш — энелердин таман астында» аталыштагы концерт менен жыйынтыкталды.

«Энелер мектебинин» максаты — ата-энелердин окуучуларды тарбиялоодо кызыкчылыгын арттыруу, мектеп менен байланышын күчөтүү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up