Ак-Теректеги мектептин жараксыз имараты жаңыланат

Билим АКИpress - Лейлек районунун Ак-Терек айылындагы Ак-Терек орто мектебинин жаңы имараты курулат. Бул маселени тез арада колго алууну облус башчысы жергиликтүү бийликке тапшырды.

Бул мектептин имараты 1968-жылы бала бакча үчүн ашар жолу менен курулуп, 1983-жылы 8 жылдык мектеп, кийин 11 жылдык мектеп болгон. Бүгүнкү күндө жараксыз абалда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан да балдар окуганга болбойт деген атайын чечим чыгарылган. Бирок башка мектеп жок болгондуктан балдардын билим алуусу токтоп калбасын деп, ушундай шартта билим берүүгө аргасыз болуп жатышат. 150 орунга ылайыкташкан бул мектепте учурда 230 окуучу билим алууда.

Мугалимдердин айтымында, кышында окууну үзгүлтүккө учуратпоо үчүн бөлмөлөргө мештерди коюп, көмүр жагып турушат. Ал эми жаз, жай айларында жамгыр жааганда тамчы өтүп, мектеп жамаатын түйшүккө салып келет.

Лейлек районунун акиминин орун басары Абдыкасыт Исаевдин айтымында, өткөн жылы мектепти кооптуу аймактан көчүрүүгө атайын жер бөлүнүп, анын долбоорун түзүүгө тендер жарыяланган. Бирок азырынча жумуш токтоп турат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up