Мээрим Табылдиева — Кочкор району боюнча «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алган жалгыз бүтүрүүчү (сүрөт)

Мээрим Табылдиева
Мээрим Табылдиева

Билим АКИpress - Кочкор районундагы К.Кыдыралиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Мээрим Табылдиева тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мээрим мектепте мыкты окуп, спортко жана бий ийримдерине катышып, мектептин жана райондун намысын коргоп келет. Ошондой эле ал — бир нече сыйлыктардын ээси. Алгебра, химия, физика, кыргыз жана англис тилдерин өзгөчө кызыгуу менен окуйт. Бул предметтер боюнча олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды багынтып келүүдө.

Мээрим 9-классты да артыкчылык күбөлүгү менен бүтүргөн. Келечекте чет тилдерин өздөштүрүүнү көздөп жатат.

Бул жылы М.Табылдиева — Кочкор району боюнча «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алган жалгыз бүтүрүүчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up