Жайында Кыргызстанда 674 мектептик лагерь ачылат

// АКИpress

Билим АКИpress - Кыргызстанда 5-июндан 6-июлга чейин 674 мектептик лагерь жана ден соолукту чыңдоочу аянтчалар иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Лагерлердин иштөө убактысы: 8:00дөн 16:00гө чейин, 3 маал тамагы менен (эртең мененки, түшкү тамак жана күүгүмдө берилүүчү тамак).

Жайкы эс алууну уюштуруу үчүн республикалык бюджеттен 5 млн сом бөлүнгөн. Ал каражаттар Борбордук профсоюз комитетине өткөрүлүп берилет.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын ден соолугун чыңдоого, чыйралтууга, физикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын системасы да иштелип чыгат. Жай мезгилинде иш жүргүзүү планы макулдашылып, бекитилген.

Ден соолукту чыңдоочу иштер аба менен чыйралтуу, жылаңаяк басуу, бассейнге түшүү, суу жана кум менен ойноо сыяктуу чыйралтуучу иштерге негизделет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up