Бишкекте «Сабаттуу бол» сынагынын жыйынтыгы чыкты

Билим АКИpress - «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде туура, сабаттуу жазууга багыт берүү максатында «Сабаттуу бол» өнөктүгү өткөн. Аны 15-майда өлкөнүн бардык аймактарында Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурду.

Комиссиянын маалыматы боюнча, ага ар тармактан – мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, маданият өкүлдөрү, ЖОЖдордун, башталгыч жана орто окуу жайлардын, мектеп, бала бакчанын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана жалпы эле каалоочулар катышты. Ал эми Бишкек шаары боюнча катышуучулардын жалпы саны 1100 адамга жетти.

Жат жазуунун тексттерин Жогорку Кеңештин депутаты Ч.Турсунбеков, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Н.Кадырбеков, эл артисти Т.Жаманбаева, эл артисти Т.Абдразаева, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Г.Молдоева, «Нур» академиясынын жетекчиси, алып баруучу Н.Токтосунова, КТРКнын диктору Р.Багышбаев өңдүү инсандар окуп берди.

Жыйынтыгында 5 алгандардын жалпы саны 63 адам болуп, mamtil.kg сайтына аты-жөнү жарыяланды. Ал эми башка катышуучулардын баалары өзүнө гана тиешелүү купуя сандар аркылуу жайгаштырылды.

Жыйынтык:

- «5» – 63 (5,7%);

- «4» – 230( 20,9%);

- «3» – 314 (28, 5%);

- «2» – 463 (42%);

- «1» – 26 (2,3%).

«0» (интернеттен көчүрүп алгандар) – 18 (1,6%)

Жат жазууда эң жакшы баага татыган катышуучуларды сыйлоо аземи24-майда саат 11:00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөрүлөт.

Ал эми, жалпы республикадагы жыйнытык боюнча кошумча маалымат берилет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up