Кичи-Кеминдеги Б.Юнусалиев мектебинде «Манас» борбору ачылды (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында 2019-жылдын 17-майында Кемин районуна караштуу Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде «Манас» борбору ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептен билдиришти.

Борбордун ачылышына академик Б.Юнусалиевдин небереси Нурадил Ташиев жана жубайы Жамиля Абирова демөөрчүлүк кылышкан. Заманбап бөлмөнү келечек муундарга ылайыктап жасалгалап, эмеректер менен да жабдып беришти.

Иш-чара окуучулардын концерттик программасы менен коштолду.

Б.Юнусалиев атындагы «Манас» борборунун ачылышына Кемин райондук администрациясынын башчысынын орун басары Айгүл Курманалиева, Кемин билим берүү бөлүмүнүн адиси Асылгүл Мурзалиева катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up