Чүйдө ыктыярдуу жаш өрт өчүрүүчүлөр күч сынашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 20-май күнү райондогу окуучулардан түзүлгөн ыктыярдуу жаш өрт өчүрүүчү командалардын арасында өрт колдонмо спорту, өрткө каршы викторина жана сүрөт сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Аламүдүн районунун аймагындагы 5 мектептен 30 окуучу катышты.

«Викторина жана сүрөт сынагына Ленин айылынын В.Ленин атынтагы орто мектеби, Кайырма айылынын орто мектеби, Аламүдүн айылынын №1 орто мектеби, Төмөнкү Ала-Арча айылынын орто мектеби жана Арашан айылынын орто мектеби катышты. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Ленин айылынын орто мектеби, 2-орунду Арашан айылынын орто мектеби жана 3-орунду Төмөнкү Ала-Арча айылынын орто мектеби камсыз кылышты. Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты.

Иш-чаранын максаты — өсүп келе жаткан муунга өрт коопсуздугу тууралуу маалымат берүү, жаш муундар арасында тилсиз жоону алдын алуу аракеттерин кеңири жайылтуу жана окуучулардын көз карашын, билимин жогорулатуу», - деп айтылат ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up