Мыкты окуган ат-башылык окуучулар Казакстанга жана Жогорку Кеңешке барышат (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Китепти мыкты окуган ат-башылык окуучулар Казакстанга жана Жогорку Кеңешке барууга жолдомо алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук китепканасынын директору Сымбат Аттокурова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, «Бир адамдан бир китеп» акциясынын алкагында Ат-Башы районунун Кызыл-Туу, Казыбек, Кара-Булуң айылдарында «Окуу, окуу жана окуу!» аттуу сынак өттү.

«Демилгечилер тогуз-торолук жаштар болду. Сынактын максаты — Нуржигит Кадырбековдун китеби аркылуу балдарды адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялоо. Сынакка катышкан балдарга белектер берилип, 1-орунду алган окуучу Казакстанга барууга жолдомо алса, 2-орунду ээлеген окуучу Жогорку Кеңешке жолдомо жана велосипед утту», - деп билдирди китепкана жетекчиси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up