Нарындагы мектепте эне-баланын мамилеси талкууланды (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Нарындагы мектепте бала менен эненин мамилеси талкууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, Нарын районуна караштуу К.Абиров атындагы орто мектебинде Энелер күнүнө карата «Энелер мектеби» долбоорунун жыйынтыгы боюнча «Бейиш — эненин таман алдында» аттуу иш-чара болуп өттү. Ага окуучулар, алардын энелери, мугалимдер жана Нарын РИИБдин ЖИИнин кызматкерлери М.Дүйшекеев, А.Карыбекова катышты.

Иш-чарада бала менен эненин мамилеси, зордук-зомбулук, миграция маселелери талкууланып, ата-эненин укугу менен милдети жөнүндө лекция, мастер-класстар өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up