Кош-Дөбөнүн окуучулары «Манас таануу» республикалык таймашына конок катары барып келишти (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектебинин «Манас таануу» ийрими республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашына конок катары барып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Окуучулар продюсер Кундуз Аманова жана манасчы Нурбек Талантбековдун чакыруусу менен барышкан. Алар Таластан келген коноктор менен күч сынашып, тажрыйба топтой алышты. Жыйынтыгында «Манас» эпосунун томдуктары, диплом менен сыйланышты.

Буга чейин аталган мектептин «Манас таануу» ийрими райондук, облустук деңгээлде өткөн таймаштарда байгелүү орундарды ээлеп келишкен. Даярдаган мугалими Керээз Мамытова көп жылдан бери кыргыз тили жана адабияты сабагын окуткан мугалим болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Ошого карабастан балдар үчүн билимин аябай, ийримди жетектеп, ийгиликтерди жаратууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up