Аравандагы окуучулар мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сынакта билимин сынашты

Билим АКИpress - Араван районунун А.Навои атындагы орто мектебинде 17-майда «Мамлекеттик тилди канткенде өнүктүрөбүз?» аталышында мектеп окуучуларынын арасында сынак болуп өттү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн кыргыз тили боюнча усулчусу Зейнегүл Маманова маалымдады.

Анын маалыматына караганда, сынакка ар бир мектептин окуучуларынан курулган 8 команда катышты.

Сынак 4 шарт менен өткөрүлдү:

1. Саламдашуу;
2. Мамлекеттик тилди даңазалаган ырлардан көркөм айтуу;
3. «Мамлекеттик тилди канткенде өнүктүрөбүз» деген теманы саханалаштыруу;
4. Калыстар тобу тарабынан берилген суроолорго жооп берүү.

Жыйынтыгында 1-орунду 89 упай менен М.Назаров мектебинин окуучулары багындырып, уюштуруучулар тарабынан Кубок, диплом жана көркөм адабий китептер менен сыйланышты. 2-орунду 88 упай менен А.Эшенкулов мектебинин окуучулары камсыздап, диплом жана көркөм адабий китептер менен сыйланышты. Ал эми 3-орунду 84 упай менен Т.Бекенов мектебинин окуучулары ээлешти. Аларга да диплом жана көркөм адабий китептер тапшырылды.

Калган катышуучу командаларга жана даярдаган мугалимдерге ыраазычылык кат жана китептер ыйгарылды.

Иш-чараны «Ош жаштар биримдиги» коому менен Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Зейнегүл Маманова уюштурушту. Максаты — мамлекеттик тилди өнүктүрүү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up