Мектепке электрондук каттоо. 22 мектеп 1-класска кабыл алууну аяктады (тизме)

Билим АКИpress - «Мектепке электрондук каттоо» системасы боюнча 22 мектеп 1-класска окуучуларды кабыл алып бүттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрликтин маалыматы боюнча, 22-майга карата 22 мектептеги орундар толду. Алардын айрымдарынын кыргыз класстарында гана орундар калды.

Толгон мектептердин тизмеси:

Ленин району:

- №13 мектеп-гимназиясы,

- №68 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясы.

Биринчи май району:

- №6 автордук окуу-тарбиялык комплекси,

- №24 мектеп-гимназиясы,

- №29 мектеп-гимназиясы,

- №69 окуу-тарбиялык комплекси,

- №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясы,

- №61 окуу-тарбиялык комплекси.

Октябрь району:

- №17 окуу-тарбиялык комплекси,

- №20 окуу-тарбиялык комплекси,

- №26 окуу-тарбиялык комплекси,

- №37 мектеп-гимназиясы,

- №56 орто мектеби,

- №62 окуу-тарбиялык комплекси,

- №63 мектеп-гимназиясы.

Свердлов району:

- №4 мектеп-гимназиясы,

- №12 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясы,

- №16 жалпы орто билим берүүчү мектеби,

- №33 мектеп-гимназиясы,

- №38 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясы,

- №65 экология-экономикалык лицейи,

- №67 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясы.

Бүгүнкү күндө жалпы 12 миң 281 билдирүү келип түшкөн. Алардын ичинен 503 билдирүү кароодо, 3 миң 466 — жактырылган, 7 миң 772 — кабыл алынды, 540 — четке кагылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up