Бишкектеги лицейдин окуучулары Кантта учакка отурушуп, парашют колдонууну үйрөнүштү (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы №65 экология-экономикалык лицейдин окуучулары Ысык-Ата районундагы Кант учак базасына экскурсияга барышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, окуучулар учак базанын күнүмдүк жашоосу, иш тартиби менен таанышып, каалоочулар СУ-25 учагынын жана Ми-8 тик учагынын ичине отуруп да көрүштү. Андан соң алар десанттык парашюттук комплекске барып, ал жактын да иши менен таанышышты. Аскер кызматкерлери келген окуучуларга парашютту туура пайдаланууну көрсөтүп беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up