Ат-Башыда «Чыны карагат» фестивалы өттү (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Ат-Башы районунда биомаданий ар түрдүүлүктү сактоо боюнча «Чыны карагат» фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучусу Бегайым Мурзалиева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, фестиваль К.Мамбеталиева атындагы Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейинин кызматкерлери жана «Көөнөрбөс мурас» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду. Фестиваль Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды, Ой-Терскен орто мектептеринде өткөн.

Музей кызматкерлери мектеп окуучулары менен бирге Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата «Таш-Рабат» тарыхый-археологиялык кербен сарайына экскурсия жасашты.

Иш-чарага айыл өкмөтүнүн, БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Ат-Башы токой чарбасынын кызматкерлери катышты.

«Чыны карагат» долбоору «ИСУР» коомдук фонду тарабынан колдоого алынган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up