Жумгалда бала бакчадагы бөбөктөргө коопсуздук эрежелерин үйрөтүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылындагы «Алтын балалык» бала бакчасында «Балдардын коопсуздугун сактоо эрежелерин үйрөтүү» деген темада райондук семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Семинарга райондогу бала бакчалардын кызматкерлери, облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Максаты — 2 жаштан 6 жашка чейинки балдарга өзгөчө кырдаалдарда коопсуздук эрежелерин сактоону үйрөтүү болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында кенже тайпанын табиячылары Ализа Дүйшекеева менен Мирланбек кызы Айзат «Жолдо жүрүүнүн эрежелери» деген темада көрсөтмөлүү ачык тарбиялык сабак өтүшүп, тарбиялануучуларга жол эрежелери боюнча түшүнүк беришти. Ал эми жогорку тайпанын тарбиячылары өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча сахналаштырылган сабак өтүп беришти.

Семинардын соңунда бөбөктөр конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашып, чакан программадагы концерт тартуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up