Токмоктогу №5 мектепте «Өзүңдү тап» аттуу шаардык форум өттү (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Токмок шаарындагы №5 орто мектепте «Өзүңдү тап» форуму өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Аталган форум Токмок шаардык прокуратурасы, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү, Чүй-Токмок район аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Токмок РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан уюштурулду. Уюштуруучулардын айтымында, аталган форумдун максаты — мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.

Форумда Токмок шаарындагы лидер окуучулар арасында «Мектеп рэкетчилиги», «Суициддик маанай», «Үй-бүлөлүк зомбулук», «Массалык мушташуу», «Балдар эмгеги», «Зыяндуу нерселерди колдонуу, чегүү», «Диний экстремизм жана терроризм» темалары боюнча талкуулар болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up