Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев мектебинин директору болуп Астра Токтогулова дайындалды (резюме)

Астра Токтогулова
Астра Токтогулова
// АКИpress

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору болуп Астра Токтогулова дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

А.Токтогулова буга чейин райондук билим берүү бөлүмүндө эмгектенип келген. Ал эми аталган мектепте Үрүстөм Күсөрмамбетов директорлук кызматты аркалап жүргөн.

Токтогулова Астра Бектурсуновна 1984-жылы 21-февраль күнү туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.

Билими: Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин англис тили жана жаңы технология бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу:

- 2006-2007-жылдары Бишкек шаарындагы №8 орто мектебинде информатика мугалими, 2007-2009-жылдары ушул эле мектепте уюштуруучу, 2009-2012-жылдары директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеген;

- 2012-2018-жылдары Ак-Талаа районунун Э.Карасартов атындагы орто мектебинде окуу бөлүм башчысы, 2018-2019-жылдары Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти болуп эмгектенип келген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up