Акыркы коңгуроо учурунда 4 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздашат

// АКИpress

Билим АКИpress - Акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартип камсыздалат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

25-май күнү республиканын жалпы билим берүү мекемелеринде акыркы коңгуроо иш-чаралары өткөрүлөт. Бул иш-чаралар республиканын 2 миң 262 мектебинде өтүп, ага 9-класстын 95 миңден ашуун окуучулары жана 11-класстын 61 миңден ашуун бүтүрүүчүлөрү катышат.

Акыркы коңгуроого арналган иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана катышуучулардын коопсуздугун өз деңгээлинде камсыздоо максатында Ички иштер министрлигинин буйругу чыккан.

Республикадагы ички иштер органдарынын 2 миң 262 кызматкери коомдук тартипти сактоого тартылат. Ошондой эле 25-май күнү республиканын аймагында 3 миң 977 кызматкер кызмат өтөшөт.

Өлкө аймагындагы бардык жалпы билим берүү мекемелеринде салтанаттуу иш-чаралар аяктагандан кийин коомдук эс алуу жайларда, парктарда республиканын ЖӨИ кызматкерлери коомдук тартипти сактоо жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш алып барышат. Аны менен бирге республикадагы ички иштер башкармалыктардын кайгуул күзөт кызматкерлеринин кайгуул багыттары эс алуу жайларына жана парктарга жакын жерлерде болушат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up