Ысык-көлдүк окуучулар Караколдогу аскерлердин күнүмдүк жашоосу менен таанышты (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Каракол шаарындагы Байсары улуу Кыдыр аке атындагы №2028 аскер бөлүгүндө ачык эшиктер күнү өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу райондорундагы жана Каракол шаарындагы мектептердин бүтүрүүчү класстарынан 180ден ашык окуучу катышты. Окуучулар аскер бөлүгүнүн күнүмдүк күжүрмөн кызматы, окуу бөлмөлөрү жана машыгуу жайлары менен таанышып, жоокерлердин жатаканасын, ашканасын көрүштү.

Аскер кызматкерлери окуучуларга өлкө алдындагы ыйык милдетти аткаруу чоң сыймык экенин айтышып, уландарды аскерге баруудан качпоого, эл үчүн кызмат кылып, эл-жерди коргоого даяр болууга чакырышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up