Балыкчыдагы мектептердин окуучулары экологиялык билимин сынашты (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Балыкчы шаарында окуучулар арасында «Таза шаар — дени сак улут» аталышындагы кароо-сынак болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Сынакка шаардагы жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары жана кесиптик окуу жайлардын студенттери катышты.

Сынактын жүрүшүндө командалар «Саламдашуу», «Долбоор жазып, аны жактоо», «Кыргызстандын географиялык абалы боюнча суроо-жооп», «Экологияны жакшыртууга сунуш» тапшырмаларын аткарышты.

Жыйынтыгында 1-орунду С.Каралаев атындагы №6 мектеби, 2-орунду №4 гимназия мектеби жана 3-орунду Ч.Айтматов атындагы №5 мектеби камсыз кылышты.

Иш-чара муниципалдык «Ордо» жаштар борбору тарабынан уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up