Облустук жана республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарды алган кара-суулук окуучуларга мигранттар стипендия берет

Билим АКИpress - Чет өлкөдө иштеген кара-суулук мигранттар менен жаштардан түзүлгөн «Кара-Суу биримдиги» коомдук бирикмеси райондогу алдыңкы окуучуларга стипендия берет. Бул тууралуу аталган коомдук бирикменин төрагасы Жаныш Шамшидинов билдирди.

Анын айтымында, облустук жана республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды алган кара-суулук окуучуларга шык берүү максатында стипендея берүүнү ниет кылышкан.

«Кара-Суу районундагы 8 окуучу облустук олимпиадада 1-орунду, 6 окуучу 2-орунду, 5 окуучу 3-орунду алышкан. Облустук олимпиадада 1-орунду алган 8 окуучунун арасынан 1 окуучу республикалык олимпиадага география сабагы боюнча барып, 1-орунду алыптыр. Ошондуктан фонддогулар менен кеңешип, аларга стипендия берүүнү туура көрдүк. Булардын арасынан республикалык олимпиадада 1-орунду алган окуучуга 3 миң сом, мугалимине 3 миң сом, облустук олимпиадада 1-орунду алгандарга 1000 сомдон, 2-орунду алгандарга 800 сомдон, 3-орунду алгандарга 600 сомдон берилет. Ошондой эле биздин коомдук бирикменин грамоталарын да тапшыруу үчүн Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнө жөнөттүк», - деди Ж.Шамшидинов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up