Кара-Көл шаарында 2 бүтүрүүчү «Алтын тамганын» ээси болот

Билим АКИpress - Былтыр Кара-Көл шаарында бир да бүтүрүүчү «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алган эмес. Быйылкы окуу жылында эки окуучу ээ болгонун шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиева билдирди.

Анын айтуусунда, «Алтын тамганын» ээлери — Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Айданек Байышбекова менен Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айчүрөк Молдобаева.

Бул окуучулар жыйынтыктоочу мамлекеттик сынакта 4 предмет боюнча: эне тили жана адабиятынан (кыргыз тили жана адабияты), алгебра жана анализдин башталышы, Кыргызстандын тарыхы жана химия сабагынан тестирлөөдөн өттү. «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын ийгиликтүү тапшырып, «Алтын тамганын» ээси болушту.

А.Байышбекова 2017-2018-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча облустук олимпиадада 2-орунду ээлеп, республикалык турда сертификатка ээ болгон. Ал эми 2018-2019-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча облустук олимпиадага катышып, 3-орунга ээ болгон.

Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү А.Молдобаева шаардык, облустук предметтик олимпиадаларга орус тили жана адабияты сабагынан катышып, 2017-2018-окуу жылында жана 2018-2019-жылдары облустук турдан байгелүү орундарды алган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up