Ак-Кыяда башталгыч класстардын бүтүрүү кечеси өттү

Билим АКИpress - Нарын районундагы Ак-Кыя айылындагы Б.Бекмуратов атындагы мектебинде башталгыч класстын бүтүрүүчүлөрүнүн майрамдык кечеси болуп өттү.

Мектеп администрациясы тарабынан жылдын жыйынтыгы чыгарылып, окуу жылындагы жетишкендиктер айтылып, кемчиликтерди четтетүүнүн жолдору талкууланды. Кечеде алдыңкы окуучуларга диплом, грамоталар тапшырылды.

Ал эми класс жетекчи Гүлназ Султанова өзүнүн окуучуларына медалдарды тагып, бардык окуучуларына белектерди таратты. Кечеде окуучулар ырдап, бийлеп, ырларды айтып, жомок да окушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up