Жанара Шерматова кайрадан Ак-Талаанын мыкты мугалими аталды (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «Жыл мугалими-2019» райондук кароо-сынагы өтүп, ага 18 мектептен 21 мугалим катышты. Катышуучулар калыстар тарабынан берилген тапшырмаларды аткарышып, өздөрүнүн билим деңгээлин сынашкан. Бул тууралуу мектеп директору Сүйүнбек Эмилбек уулу билдирди.

Жыйынтыгында Муса Баетов атындагы орто мектебинин мугалими Жанара Шерматова башкалардан айырмаланып, калыстардын жогорку баасы аркылуу баш байгени жеңип алды. Ага диплом жана баалуу белек тапшырылды.

Жеңүүчү буга чейин 2011-жылы «Жыл мугалими» республикалык сынагында баш байгени ээлеген болчу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up