Нарында акыркы коңгуроо учурунда 300дөн ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт (сүрөт)

Билим АКИpress - 25-май күнү «Акыркы коңгуроо» майрамдык иш-чараларын өткөрүү учурунда Нарын облусу боюнча 300дөн ашуун милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан К.Эсенгулова билдирди.

«Нарын облусунда жайгашкан 141 мектепке жана 8 кесиптик лицейге жооптуу катары милиция кызматкерлери бекитилип, жер-жерлерде иш алып барышат. Ошондой эле мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө жана жалпы коопсуздук чараларды көрүү боюнча ар бир шаар, райондорго Нарын ОИИБдин бөлүм башчылары, ШИИБдин жетекчиликтери барат.

Акыркы коңгуроо майрамдык иш-чараларынан кийин окуучуларга топтошуп, жаратылышта эс алуу, автоунаалар менен сейилдөө, таң тосуу, кафе-ресторандарга барууга тыюу салынат. Кылмыш-кырсыктардын, сууга чөгүү кырсыктарынын, топтошуп мушташуу, унаа кырсыктарын алдын алуу чараларын көрүү максатында эс алуучу жайларга, жаратылыштагы эс алуу жайларына, эл көп чогулуучу оюн-зоок өткөрүлүүчү жайларга, кафе-ресторандарга жакын жерлерге кайгуул кызматы, ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан көзөмөл уюштурулуп, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, коомчулук менен биргеликте алдын алуу иштери жана рейддер жүргүзүлөт.

Нарын облусу боюнча жалпы 8 миң 450 бүтүрүүчү бар. Алардын ичинен 9-класстын окуучулары — 5082, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү — 3 миң 368. Акыркы коңгуроого арналган иш-чараларды өткөрүүдөгү коомдук тартипти жана катышуучулардын коопсуздугун өз деңгээлинде камсыздоо максатында ИИМдин атайын буйругу чыгарылган»,- деп айтып берди К.Эсенгулова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up