Ат-Башыда 1000 окуучу акысыз медициналык текшерүүдөн өтүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районунан 1000 окуучу акысыз медициналык текшерүүдөн өтүштү. Бул тууралуу Ат-Башы райондук ветеринардык фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Үмөтаалы Саалаев маалымдады.

Маалым болгондой, Польшадан келген ветеринардык дарыгерлер Ат-Башы айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин окуучулары менен мугалимдерин эхинококкоз жана кургак учук ооруларын аныктоо максатында флюорографиялык жана УЗИ текшерүүдөн акысыз өткөрүштү. Мындан сырткары, район боюнча 3 күн бою 1000 окуучу флюорография жана УЗИ аппараттары аркылуу текшерүүдөн өтүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up