Ош шаарында 11-классты 1 миң 727 бүтүрүүчү, ал эми 9-классты 4 миң 686 окуучу аяктап жатат

Билим АКИpress - 2018-2019-окуу жылында Ош шаары боюнча 11-классты 1 миң 727 окуучу, ал эми 9-классты 4 миң 686 окуучу аяктап жатат. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Аталган билим берүү башкармалыгынын 25-майга карата чыккан буйругунун негизинде шаардагы мектептердин директорлору менен мугалимдерине акыркы коңгуроо күнү белек алууга жана акча чогултууга тыюу салынды. Муну менен катар мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусундагы иш-чараларды көңүл ачуучу жайларда уюштурууга болбойт. Мектеп директорлоруна суткалык күзөттөрдү уюштуруу, иш-чарада салют же башка жаракат алып келүүчү каражаттарды колдонбоо, ошондой эле ата-энелер менен чогулуштарды алдын ала өткөрүү тапшырмасы берилген.

Ош шаарындагы мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин саны 78 болсо, анда жалпы 70 миң 374 окуучу билим алат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up