Ат-Башыда акыркы коңгуроо учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча талкуу жүрдү (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Ат-Башы районунда акыркы коңгуроо күнүндө коопсуздук чараларын көрүү максатында жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ат-Башы РИИБдин башчысынын орун басары Талант Ашырбаевдин айтымында, акыркы коңгуроо мезгилинде коомдук коопсуздукту жана жалпы окуучулардын коопсуздугун сактоо, ден соолугун, саламаттыгын сактоо максатында мектеп жетекчилери, социалдык өнүгүү кызматкерлери, айыл өкмөттөрү, ата-энелер комитеттери жана 9-11-класстардын мугалимдери менен бир пикирге келип, сүйлөшүп жатышат.

«Ошол күнү ар кандай тартип бузуу аракеттери жасалса, Бузуулар боюнча кодексте каралган чараларды көрөбүз», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up