Кочкор боюнча 127 окуучу «кызыл» күбөлүк алса, 1 бүтүрүүчү «Алтын тамга» аттестатына татыды (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Кочкор районунда «Ак жол сага, бүтүрүүчү!» аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, Кочкордогу мектептердин алдыңкы окуучулары райадминистрациянын имаратынын алдына чогулушту. Алдыңкы бүтүрүүчүлөргө мекеме жетекчилери, айыл өкмөттүн башчылары «Бүтүрүүчү» деген жазуусу бар тасманы тагышты. Андан соң бүтүрүүчүлөр райондук маданият сарайына чейин жөө жүрүш жасашты. Ал жактан жерге төшөлгөн кызыл килем үсүтүндө басышты.

Окуучуларды маданият сарайынын эшигинин алдынан Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов тосуп алып, каалоо-тилектерин айтып, эстелик сүрөткө түшүштү. Салтанаттын кийинки бөлүгү маданият сарайынын ичинде өтүп, мектепти артыкчылык күбөлүгү менен бүтүрүп жаткан окуучуларга акимчиликтин ардак грамотасы, алкыш баракчалары жана белектери тапшырылды.

Быйылкы окуу жылында Кочкор районунда 9-классты жана 11-классты жалпы 811 окуучу бүтүрүп жатат. 9-классты бүтүргөн окуучулардын ичинен 127си артыкчылык күбөлүгүнө ээ болушкан. Ал эми район боюнча 11-класстардан жалгыз К.Кыдыралиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Мээрим Табылдиева «Алтын тамга» аттестатына татыды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up