Базар-Коргондо окуучулар жөө жүрүшкө чыгышты (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Базар-Коргон районунун Б.Осмонов атындагы кѳчѳсүндѳ 23-майда окуучулардын катышуусунда жѳѳ жүрүш ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, Базар-Коргон РИИБи тарабынан уюштурулган иш-чарага Базар-Коргон, Кеңеш, Сейдикум, Акман, жана Бешик-Жон айыл аймактарынын 7-11-класстарынын 200дѳн ашуун окуучулары катышты.

Аларга акыркы коңгуроо күнүнѳ карата да кеп-кеңештер айтылып, мектептен сырткары ар түрдүү оюн-зоок, кечелерди уюштурууга, эс алуу жайларына барып кѳңүл ачууга, кортеж менен кѳчѳ кыдырууга тыюу салынганын эскертишти.

Иш-чарага ошондой эле милиция кызматкерлери, Базар-Коргон районунун акиминин орун басары З.Адишева, аксакалдар сотунун тѳрагасы А.Тойчиев, райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Т.Үсөнов жана район активисттери катышышты.

Иш-чаранын максаты — ѳспүрүмдѳргѳ карата үй-бүлѳлүк жана коомдук жайларда зордук-зомбулукту болтурбоо, мектеп рэкетчилигин алдын алуу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up