Бишкекте «Book House» тармактык китеп дүкөндөрүнүн экинчиси ачылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкек шаарынын 7-кичи районунда «Book House» тармактык китеп дүкөндөрүнүн экинчиси ачылды. Бул тууралуу» Дилазык» басма үйүнүн кызматкери Сейитбек Идирисов билдирди.

Китеп дүкөндө кыргыз тилинде жарыяланган көркөм-адабий китептерден баштап илимий-публицистикалык жыйнактар, орус, англис тилдериндеги дүйнөлүк бестселлерге чейин ар кандай тематикадагы китептерди табууга болот. Дүкөн заманбап стилде жасалгаланып, жагымдуу маанай тартуулайт. Окурмандар кофе ичип отуруп, китептерди барактап таанышуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

«Китеп — жан дүйнөнүн азыгы. Китеп окуган кишинин дили таза болот. Дили таза адамдын жашоосу максаттуу, ырааттуу, ырахаттуу өтөт. Бул жалпы коом үчүн да, мамлекет үчүн да, ошол мамлекетте жашаган ар бир жаран үчүн да өтө маанилүү. Демек, китеп жазуу, басып чыгаруу, таратуу, окутуу да ошончолук зарыл», - дейт С.Идирисов.

24-майда дүкөндүн расмий ачылыш аземин өткөрүү пландалган. Анда китептер 50 сомго чейин арзандатуулар менен сатылды.

Аталган китепкананын биринчиси Киев көчөсүндө №65 даректе жайгашкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up