Нарын обусундагы бардык мектептерде бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Нарын райондорунда жана шаарда Нарын ОИИБдин демилгеси менен акыркы коңгуроодон кийин ар кандай майрамдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салуу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жыйындар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан Кундуз Эсенгулова билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы коңгуроодо, аттестат жана күбөлүк тапшыруу убагында окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, укук бузуулардын, кылмыштардын, жол кырсыктардын алдын алуу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, прокуратура органдары, билим берүү бөлүмдөрү, ата-энелер комитеттери жана коомчулук өкүлдөрү менен жер-жерлерде жыйындар өткөрүлгөн.

«Акыркы коңгуроо өтүлгөндөн кийин ар кандай майрамдык кечелерге тыюу салуу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча облусубуздун ар бир райондорундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйындар өткөрүлдү. Жыйында жаратылыш кырсыктарын, анын ичинен сууга чөгүү кырсыгын алдын алуу, топтошуп мушташуу, жол кырсыктарын алдын алуу, жаратылышта эс алуу, отуруштарды уюштурууга тыюу салуу боюнча кызуу талкуулар жүргүзүлдү», - деди К.Эсенгулова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up