Билим берүү министри жана анын орун басарлары кайсы мектептерди бүтүргөн?

Билим АКИpress - Бүгүн, 25-майда Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты белгиленип жатат.

Буга байланыштуу Билим АКИpress Билим берүү жана илим министрлигине министр жана анын орун басарлары убагында кайсы мектептерди бүтүргөнү тууралуу билүү үчүн кайрылды.

Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Баткен облусунун Лейлек районундагы Ю.Гагарин атындагы орто мектепти аяктаган.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков 1992-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кызыл-Майрам (азыркы Ак-Суу) орто мектебин бүтүргөн.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Саз айылындагы Жаныбаев атындагы орто мектепте билим алган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up