Ат-Башыдагы мыкты окуучуларга ата-энелер стипендия тапшырышты (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин ата-энелери 24-майда жакшы окуган окуучуларга стипендия тапшырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, аталган мектептин 1-11-класстарындагы окуучуларга ата-энелердин демөөрчүлүгү менен стипендия жана мактоо баракчалары ар бир класстан 1ден окуучуга берилди.

Мектептин мугалими Гүлкайыр Чотикеева мындай саамалык окуучуларга стимул болуп берерин айтты. «Бизде жакшы саамалык бар. Алиппе майрамында жакшы окугандарга стимул берүү максатында ата-энелер өз ниети менен демөөрчү болуп, стипендия берип турушат. Кээ бир класстарда 2ден демөөрчүлөр бар. Мындай стипендия 2003-жылдан баштап берилип келет. Ар бир окуучуга 500-800 сомдон ыйгарылат», - деди ал.

Аталган мектепте 270 окуучу жана 30 мугалим бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up