Бүтүрүүчү-2019: Республикалык олимпиадада 2-орунду алган Полотбекке аким 11 миң сом тапшырды (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Шоро-Башат айылындагы Т.Асранов атындагы орто мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, салтанатка Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бактыбек Алайчиев катышты. Ал бардык бүтүрүүчүлөрдү мектепти аякташы менен куттуктап, жаңы жашоого аттанып жатышканын белгиледи. Ошондой эле жогорку окуу жайларга өтүп, ийгиликтерди жарата беришин каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Б.Алайчиев аталган мектептин 11-классынын окуучусу Полотбек уулу Арсенге география сабагы боюнча республикалык олимпиададан 2-орунду ээлегени үчүн раймамадминистрациянын атынан 11 миң сом жана ардак грамота тапшырды. Ошондой эле география мугалими Нургүл Кадыркуловага Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы тапшырылды.

Быйыл Өзгөн боюнча 11-классты 2 миң 183 окуучу аяктап жатат.

Өзгөн районунда 2018-2019-окуу жылында 104 жалпы билим берүүчү мектеп иштеп, анда 2 миң 632 мугалим 36 миң 388 окуучуга билим-тарбия беришти. Жалпы 3 мектеп-гимназия, 1 лицей, 84 жалпы билим берүүчү орто мектеп, 3 толук эмес орто мектеп, 1 сырттан окуучу мектеп жана 12 башталгыч мектептер бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up