Акыркы коңгуроо: Ысык-Көл районунда 11-классты 655 бүтүрүүчү, ал эми 9-классты 1 миң 341 окуучу аяктады

// Turmush

Билим АКИpress - Ысык-Көл районундагы 31 мектепте 25-майда акыркы коңгуроо кагылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, район боюнча 11-классты 655 бүтүрүүчү, ал эми 9-классты 1 миң 341 окуучу аяктады.

Чолпон-Ата шаарынын А.Осмонов атындагы «Билим Ордо» мектеп-комплексиндеги акыркы коңгуроо салтанатына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ата-энелер катышып, жалпы бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up