Акыркы коңгуроо: Каракол шаарында 5 бүтүрүүчү «Алтын тамга» аттестатынын ээси болушту
Билим АКИpress - Каракол шаарындагы бардык мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты белгиленүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чараларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, каалаган окуу жайына тапшырып алышына тилектеш экендигин билдиришүүдө.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Осмоналиев Караколдогу №11 мектеп-гимназиянын акыркы коңгуроо майрамына катышты. Ал эми шаар мэри А.Каниметов №2 мектеп-гимназиясындагы аземге катышты.
Майрамдык иш-чаралардын алкагында бардык мектептердин активисттери, олимпиадалардын, спартакиадалардын жеңүүчүлөрү сыйланышты.
Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, шаарданы 10 мектепте 11-классты 544 бүтүрүүчү аяктап жатат. Шаар боюнча 5 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээси болушту.
Ал эми 9-классты 1 миң 103 окуучу аяктап, анын ичинен 14 окуучу «кызыл» күбөлүк алышты.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.