Премьер-министр М.Абылгазиев: Ар бир адам билим берген биринчи мугалимин эсинен чыгарбайт

// Пресс-служба правительства

Билим АКИpress - Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы №7 мектептин акыркы коңгуроо салтанатына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөт башчы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, аларга көздөгөн максаттарына жетүүнү, билим алууга жана ар дайым өзүн өзү өркүндөтүүгө умтулууну каалады.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан бардык бүтүрүүчүлөрдү мектепти аяктоолору менен куттуктайм. Мектеп экинчи үйгө айланат. Ар бир жолу мектепке кайтып келгенде адам өзгөчө толкундоону сезет. Себеби бул окуу жайда ал алгач ирет билим-тарбия алып, досторду тапкан. Көп жыл өтсө да, мен классташтарымды, мектепти бүтүп жатканда кандай толкунданып, көзүбүзгө жаш келгенин унутпайм. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов «Биринчи мугалим» повестинде жазгандай, ар бир адам өзүнүн билим берген биринчи мугалимин эсинен чыгарбайт», - деди М.Абылгазиев.

Премьер-министр бүтүрүүчүлөргө билим жолуна багыт алып, кесипти туура тандоону каалады.

«Билим берүү тармагы мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат. Мен бүгүн балдарыбыз чет тилдерде сүйлөп жатканына кубанычтамын. Өсүп келе жаткан муун мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде сүйлөшү керек. Мен баарыңарга кесипти туура тандап, техникалык адистик, ветеринария, айыл чарбасы же гуманитардык илим болобу, жогорку деңгээлдеги адистерден болушуңарга тилектешмин. Жан дүйнөңө жакын чөйрөдө иштеген – бул бакыт. Биздин максат – силерди инсан катары калыптандыруу, максаттарыңарга жетип, республиканын татыктуу жараны болушуңарга жетишүү», - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр сөзүнүн соңунда мектептин жетекчилигине компьютердик жабдууларды тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up