Акыркы коңгуроо: Кара-Көлдө 16 мугалимге жана 10 окуучуга сыйлыктар тапшырылды (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарында 16 мугалим жана 10 окуучу шаардык кеңеш тарабынан сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 25-май күнү Кара-Көл шаарындагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өттү. Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, шаардык кеңештин депутаттары катышып, бүтүрүүчүлөрдү, мектеп окуучуларын, мугалимдерди, 10 жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдү куттукташты.

Быйылкы окуу жылында билим берүү тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана өспүрүмдөрдү окутуп-тарбиялоодо жетишкендиктери үчүн бир катар мугалимдер шаардык кеңештин ардак грамотасы менен сыйланышты.

Алар:

- №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдери Назаралиева Шарипа, Кыдырмаева Айкүл, Чукунова Орунбү, Сарпашов Бекжан;

- №2 Ч.Түлөбердиев атындагы жалпы инновациялык билим берүү мектебинин мугалимдери Байымбетов Мелис жана Акышова Айзада;

- №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери Кокоева Мунара, Шаршекеева Гүлжамал;

- №4 Д.Шопоков атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери Маматова Махабат, Батырбекова Нургүл;

- №5 К.Хуриев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери Сариева Төркүнбү, Сакеева Гүлмира;

- №6 Т.Темиров атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Ызакова Гүлнара.

Мындан сырткары, 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгында жаш өспүрүмдөрдү окутууда жана тарбиялоодо жетишкен ийгиликтери үчүн шаардык кеңештин ыраазычылык каты М.Фрунзе атындагы мектептин мугалимдери Болотбек уулу Нуржигит менен Байбаев Суусарбектерге берилди.

Мугалимдер менен катар «Замандын өгөй балдары» аталышындагы спектаклде каармандардын трагедиялуу тагдырын чеберчилик менен аткарнандыгы, мыкты образ жараткандыгы үчүн шаардык кеңештин ыраазычылык каты менен төмөнкү окуучулар сыйланышты:

- №4 Д.Шопоков атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары Сабыралиев Айдар, Кокоева Асел, Бакытбекова Фатима;

- №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары Аманбаев Данил.

Ошондой эле жетишкен ийгиликтери, үлгүлүү жүрүм-туруму жана шаардын коомдук иштерине активдүү катышкандыгы үчүн айрым окуучулар ардак грамота менен сыйланышты:

- №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Байышбекова Айданек;

- №2 Ч.Түлөбердиев атындагы мектептин окуучусу Шермат уулу Нармат;

- №3 М.Фрунзе атындагы мектептин окуучусу Сталбеков Баястан;

- №6 Т.Темиров атындагы мектебинин окуучусу Томошева Гүлниса;

- Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүнүн Драмалык ийриминин тарбиялануучусу Самат уулу Жыпарбек.

Быйылкы окуу жылында Кара-Көл шаары боюнча 11-классты 192 бүтүрүүчү аяктап жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up