Акыркы коңгуроо: Новониколаевка инновациялык мектеп-гимназиясынын директору бүтүрүүчүлөргө ыр арнады (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Жайыл районундагы инновациялык Новониколаевка гимназия мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматына караганда, иш-чарага ата-энелер, окуучулар, 20 жылдык жолугушууга келген бүтүрүүчүлөр катышышты. Салтанат соңунда гимназиянын директору, билим берүүнүн отличниги Тамара Шадыканова бүтүрүүчү класстын окуучуларына ырдап берди.

«Мен үчүн бул өзгөчө күн. Ар бир окуучунун келечектеги кадамы мектептен башталат эмеспи. Аларга жакшы тилек каалап, толкундануу менен ырдап да бердим. Ыр — өмүр канаты. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн инновациялык гимназия мектебибизде 73 окуучу уядан учуп жатат. Албетте, гимназиядан бүткөн окуучулар айрымдардан өзгөчөлөнүп туруусу керек. Мен ага терең ишенем. Анткени билим сапатын баалоонун критерийи болгон олимпиадада, тестирлөөдө эң жогорку көрсөткүчтөр далил боло алат.

Окуучулар шарларды учуруп, ата-энелерге, мугалимдерге ыраазычылыгын айтышты. Салтанаттагы куттуктоо-каалоо сөздөрдүн борборунда ата-эне, окуучу жана мектер турду. Орус класстын окуучулары кыргыз тилинде «Кыргызстан» аттуу ырды ырдашып, мектеп менен коштошту», - деди Т.Шадыканова.

Бул күнү Жайыл районундагы мектептердин бардыгында акыркы коңгуроо үнү жаңырып, ал гүлдесте тартуулоо, ыр-бийлерди арноо менен коштолууда.

Ошондой эле бардык көрсөтмөлөр, коопсуздук эрежелери толук колго алынганын райБББнүн адистери кошумчалашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up