Акыркы коңгуроо: Ошто медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылткан мугалимдер сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарында медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылткан, ошондой эле мектептик медиа борбордун ишин алга сүрөгөн мектеп мугалимдери сыйланышты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалым болгондой, 25-май күнү Ош шаарындагы 70тен ашуун мектепте акыркы коңгуроо салтанаты өттү. Мектептердеги иш-чараларга Ош шаардык кеңешинен, мэриядан, шаардык билим берүү башкармалыгынан өкүлдөр катышып, мектеп бүтүрүүчүлөрүн, жалпы эле окуучуларды, билим берүү кызматкерлерин куттукташты.

2018-2019-окуу жылында билим берүү кызматкерлерине медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылтуудагы эмгеги жана мектептерде уюштурулган медиа борборлорунун жетишкендиктери үчүн бир катар мугалимдер Ош шаардык билим берүү башкармалыгы менен «ММК колдоо борбору» фондунун ыраазылык баракчалары менен сыйланышты.

Алар:

- №1 А.Федченко орто мектебинин мугалими Элдар Шакиров;
- №3 М.Ломоносов мектеп-гимназиясынын мугалими Самат Карабаев;
- №4 С.Киров мектеп-гимназиясынын мугалими Нуржамал Алибаева;
- №5 Ж.Бөкөнбаев мектеп-гимназиясынын мугалими Айчүрөк Нишанова;
- №5 Ж.Бөкөнбаев мектеп-гимназиясынын мугалими Элзада Кочкорбай кызы;
- №8 М.Горький мектеп-гимназиясынын мугалими Азизахан Моминова;
- №11 В.Терешкова мектеп-интернатынын мугалими Шайназар Нурали уулу;
- №14 К.Алтыбаев орто мектебинин мугалими Зухра Мирзаева;
- №16 «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектеп-гимназиясынын мугалими Зухра Кочорбаева;
- №17 Ю.Гагарин мектеп-гимназиясынын мугалими Кулпунай Абдираева;
- №18 А.Навои мектеп-гимназиясынын мугалими Урмат Эркинбаева;
- №21 А.Пушкин мектеп-гимназиясынын мугалими Нилуфар Артыкова;
- №22 С.Шарипов мектеп-гимназиясынын мугалими Шохрух Абдуразаков;
- №25 «Алмалык» орто мектебинин мугалими Динара Абдиева;
- №27 XXIV Партсьезд орто мектебинин мугалими Мирлан Нарматалиев;
- №27 XXIV Партсьезд орто мектебинин мугалими Нургүл Тайыр кызы;
- №35 Ж.Атабаев орто мектебинин мугалими Сүйүмкан Турдумамат кызы;
- №38 Б.Алыкулов мектеп-гимназиясынын мугалими Аида Тагаева;
- №38 Б.Алыкулов мектеп-гимназиясынын мугалими Наргиза Эркебай кызы;
- №39 «Октябрдын 70 жылдыгы» орто мектебинин мугалими Бобур Юсупжанов;
- №39 «Октябрдын 70 жылдыгы» орто мектебинин мугалими Дилфуза Мадрахимова;
- №42 «Керме-Тоо» мектеп-гимназиясынын мугалими Гульнара Айдарова;
- №50 П.Нышанов мектеп-гимназиясынын мугалими Бүбүажар Шекенова;
- №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин мугалими Илгиз Шамырзаев;
- №53 орто мектептин мугалими Иброхимжон Каримов;
- «Олимп» мектеп-гимназиясынын мугалими Нилуфар Маликова;
- «Жетиген» мектеп-гимназиясынын мугалими Нурсултан Касымбаев;
- «Мээрим» балдар билим берүү борборунун кызматкерлери Чинара Аманова, Кызжибек Капарова жана Келсинай Касымбек кызы.

2018-2019-окуу жылында Ош шаарындагы бардык мектептерде медиа борборлор түзүлүп, медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу жаатында бир топ усулдук иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up