Акыркы коңгуроо: Оштогу айрым бүтүрүүчүлөр кайрымдуулук иш-чарасын баштады (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарындагы айрым мектептердин бүтүрүүчүлөрү акыркы коңгуроо салтанатынан кийин кайрымдуулук иш-чарасын баштады. Бул саамалык боюнча маалыматты Оштогу 2 мектеп өздөрүнүн социалдык баракчаларына жарыялады.

Маалым болгондой, Ош боюнча эң көп окуучусу бар №4 С.Киров атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү шаардагы «Боорукердик» үйүндө тарбияланып жаткан балдар менен карылар үйүнө азык-түлүк жеткиришип, андан башка да белек-бекчектерин беришти.

Ал эми шаардын четиндеги Жапалак айылында жайгашкан №35 Ж.Атабаев орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү айыл аксакалдарынан кабар алып, алардын ак баталарын алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up