Акыркы коңгуроо: Чоң-Алайдын Жар-Башы айылында окуучулар менен мугалимдер сыйланды

Билим АКИpress - Чоң-Алай районундагы бардык мектептерде акыркы коңгуроо аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-методикалык кабинетинин башчысы Нургүл Курбанбекова билдирди.

Маалым болгондой, Жар-Башы айылынын Н.Кармышев атындагы орто мектебинде да акыркы коңгуроо майрамы белгиленип, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мектеп директору Таалайбек Низаев тарабынан үлгүлүү окуучуларга жана ийгиликтерге жетишкен мугалимдерге ардак грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилектер айтылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up