Кочкордогу мектептин орус тили жана адабияты кабинетине профессор Таалайбек Токоевдин ысымы ыйгарылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районуна караштуу Жаңы-Жол айылынын Т.Темиров атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты кабинетине филология илимдеринин доктору, профессор Токоев Таалайбек Токтосуновичтин ысымы берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кабинеттин ачылышына окумуштуунун жубайы Байкап Мамбетова, жердештери, достору катышты. Кызыл тасмасы кесилген соң Т.Токоевди эскерүү иш-чарасы өтүп, жердештери окумуштуунун аты унутулбастыгын, анын эмгектери менен сыймыктанарын айтышты.

Таалайбек Токоев 1956-жылы Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында туулган. 1974-жылы «СССРдин 50 жылдыгы» атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1979-1980-жылдары Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде адабий кызматкер болуп иштеген. 1989-жылдан баштап КМУда окутуучу, ага окутуучу болуп иштей баштаган. 2007-жылы филология илимдеринин доктору наамын алган. Анын 3 миңден ашуун кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана дүйнө тилдерине арналган эмгектери бар.

Т.Токоевдин туугандары мектепке окумуштуунун эмгектерин, сыналгы жана заманбап доска тапшырышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up