Акыркы коңгуроо: Жумгалда 9-класстын 21 бүтүрүүчүсү артыкчылык күбөлүгүн алышты

// Turmush

Билим АКИpress - Жумгал районунда 21 окуучу «кызыл» күбөлүктүн ээси болушту. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 9-классты жалпы 806 окуучу аяктаса, алардын ичинен 21 окуучу артыкчылык күбөлүгүн алышты. Ал эми 11-классты 484 окуучу аяктап жатат.

«Райондогу мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты тынч өткөрүлүп бүттү. Мектептерди 10-20 жыл мурун бүтүп кеткендер өз айылдарына, мектептерине ар кыл салымдарын кошушту. Акыркы коңгуроо иш-чарасын Жумгал РИИБдин күч түзүмдөрү, ата-энелер комитеттери, мектеп жамааттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тыкыр көзөмөлгө алууда», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up