Акыркы коңгуроо: Билим берүү министри менен Баткен облусунун жетекчиси кайсы мектептерге барышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Баткен районунун акими Кенеш Салихов, акимдин орун басарлары Таалайбек Ибраимов жана Кишимжан Кыдырова Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылынын Б.Ходжаев атындагы орто мектебиндеги акыркы коңгуроо саланатына катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Г.Кудайбердиева бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилектерин жолдоду. Ошондой эле чек ара аймагындагы жаштардын жогорку билим алуусуна мамлекет тарабынан ЖОЖдордо билим алуу үчүн бюджеттик орундар менен жеңилдиктер болорун белгилеп, мектепке компьютерлерди алуу үчүн сертификат тапшырды.

А.Мадумаров да куттуктоо сөздөрүн айтып, бүтүрүүчүлөрдүн арасынан өлкө келечеги болгон, бардык тармактын мыкты адистери чыгарына ишеничин билдирип, мектеп администрациясына китептер менен сыналгы белек кылды.

Ал өз сөзүндө Б.Ходжаев орто мектебин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 10 млн сом каражат бөлүнгөнүн, жаңы окуу жылына мектеп толугу менен жаңыланарын айтты. Ошондой эле Ак-Сай айыл аймагында 2 бала бакчанын курулушу башталарын белгиледи.

Ал эми Баткен районунун акими Кенеш Салихов да мектеп жамаатын куттуктап, окуучуларга ийгиликтерди каалап, мыкты мугалимдерге Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын ардак громатасын тапшырды. Б.Ходжаевдин ысымын алып жүргөн бул мектепке Б.Ходжаев атындагы стипендия тапшырылды.

Баткен облусунда 9-классты 7 миң 705 окуучу, 11-классты 4 миң 963 бүтүрүүчү аяктап жатат.

Ал эми Баткен району боюнча 11-классты 934 бүтүрүүчү жана 9-классты 1 миң 370 окуучу бүтүрүүдө.

Учурда облус боюнча 244 жалпы билим берүүчү мектептер бар, анын ичинен жеке менчик мектептердин саны — 6. Бул мекемелерде 99 миңден ашык окуучу билим алууда.

Окуучуларга облус боюнча 7 миң 258 мугалим билим-тарбия берип келет.

Г.Кудайбердиева менен А.Мадумаров Баткен районунун чек арасында жайгашкан Орто-Боз айылындагы Ж.Момунов жана Ак-Татыр айылындагы Т.Садыков орто мектептеринин абалын да көрүп чыгышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up